www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда Кремлдин башкы оппоненти Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголду. Орусиянын Тергөө комитети 28-сентябрда билдиргендей, Навальный 2014-жылы "Орусиядагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн экстремисттик түйүн түзгөн жана аны башкарган" деп айыпталууда. Ал эми анын өнөктөштөрү Леонид Волков менен Иван Ждановго "экстремисттик түйүндүн ишин жүргүзгөн", Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Руслан Шаведдинов сыяктуу дагы бир нече адамга "бул уюмга мүчө болгон" деген күнө тагылууда.

Тергөө комитетинин билдирүүсүндө Навальный жана анын өнөктөштөрү "кылмыштуу ишмердикти алга сүрөөө үчүн" социалдык тармактарда бир нече баракчаларды жана "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" сайтын ачканы белгиленген.

Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, Навальный, Волков жана Жданов 10 жылга, калган адамдар 2 жылдан 6 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный былтыр август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал быйыл январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана анын өлкө аймактарындагы шайлоо штабдары, "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" "экстремисттик" топтордун тизмесине киргизилген.

Оппозициячыл саясатчы жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген. Анын тарапташтары Волков менен Жданов Орусиядан чыгып кеткен.

Навальныйдын жактоочулары бул кылмыш иштерин Кремлдин Путинди сындаган оппозиционерден өч алуу аракети катары сыпаттап келишет. Бир катар абройлуу эл аралык уюмдар Навальныйды саясий туткун деп тааныган. Amnesty International уюму оппозициячыл саясатчыны абийир туткуну деп мүнөздөгөн.

14-сентябрда Европа парламентиндеги "Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Аталган топтун расмий билдирүүсүндө Алексей Навальный Путин корккон адам деп сыпатталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости