www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда бир суткада  6215 кишиден коронавирустук инфекция тастыкталды. Муну менен өлкөдө төртүнчү күн катары менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6 миңден ашып жатат.

Ошондой эле акыркы суткада 160 адам коронавирустук инфекциядан көз жумганын ыкчам штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Ал эми өлүмдөрдүн көпчүлүгү Санкт-Петербургда (25) жана Москвада (15) катталган.

Маалым болгондой, Орусияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 19 миң 649 адамга жетти. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери Covid-19 1 млн 115 миң 810 адамда аныкталды, анын ичинен 917 миң 949 адам айыгып чыккан. Учурда 221 141 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Мындан сырткары, бүгүн 22-сентябрда Орусиянын эки губернатору COVID-19га кабылгандыктарын жарыялашты. Алтай аймагынын башчысы Виктор Томенко жана Адыгейдин башчысы Мурат Кумпилов вируска кабылып, ооруп калышты. Мындан улам экөө тең аралыктан иштөөгө өтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости