www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар мамлекетинин Соода жана өнөр жай министри Али бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. 2021-жылы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Эшимбеков катарлык тарапка 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. 

Азырынча Орусиядагы элчибиз Аликбек мырза үн ката элек. Кочкордун кулундары ээрге отурары менен “Унгар-тоолор”, Шахимардандар өзбек тарапка жылып кетчү эле.

2016-жылы Унгар-Тоо боюнча ашыналар менен тиреш болуп, ал кезде Алмазбек Атамбаев жанына жакын жолотпой, жумушсуз жүргөн Жекшенкулов тууралуу калппы, чынбы ал Тышкы иштер министри болгон кезде Унгар-Тоону Өзбекстанга берүүгө дипломатиялык келишим түзгөн деген материал чыккан. Муну дагы такташ керек. Аликбек мырза Атамбаев кетер менен ээрге кайра минип, Орусиядагы элчибиз, азырынча Путинге барып жүгүнгөндөн жана эптеп акча таап оокат кылып жаткан кыргыз мигранттарды желкесинен кармап, Кыргызстанга айдагандан башка жакшы иштерин көрсөтө элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости