www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» боюнча Бабанов сымал бир топ саясатчылар жооп берип жатышат. «Бабанов бошотулсун» деп каныйлап жүргөн Апас Жумагуловго караганда бул жерде Бабанов акула эле, ал эми киттери дал ошол Апас Жумагулов, Аскар Акаев, Турсунбек Чыңгышов. Ушул кенди бармагын жалашып канадалыктарга карматышкандар дал ошолор. «Центерра» биз менен соттошобуз деп турганда Орусиянын көзү бизге түштү. Орусиялык миллиардер банкир, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине келип кетти. Ал Instagram баракчасына кендин негизги карьеринен тартылган видеону жарыялап, деңиз деңгээлинен төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кен 25 жылдан бери иштетилип, 1 чакырым тереңдикке чейин казылганын жазды. Ошондой эле бул жылдар аралыгында 12 миллиард доллардай каражат түшкөнүн кошумчалады.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Лебедев Кумтөргө келгенин ырастап, анын максатын мындайча түшүндүрдү: “Алар Кумтөрдө мөңгүлөрдү көрүштү. Мен Давыдов, Лысый мөңгүлөрү мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрсөтүп бердим. Бизде 1995-1998-2008-жылдары мөңгүлөр кандай болгону тууралуу архивдик материалдар бар. Аларды документалдуу түрдө көрсөттүм. Комиссиялардын отчетторун айттым. Ал өзү да тартып алды. Биз да тарттык”.
Лебедевдин кенге келишинде чоң кызыкчылык жатат. Канадалыктар менен Кыргызстан иштеш албай калган соң, бул кенге финансылык жардам берип Кыргызстанды колдон чыгарбоо Орусиянын башкы милдети. Орустар Путиндин уруксатысыз Кумтөргө жолоп да коймок эмес. Орусиянын кызыкчылыгы «Кумтөрдө» гана эмес, ага жакын жайгашкан кендерде да болушу мүмкүн.
“Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтты. Анын ичинде Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар. “Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кен бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындаса, алш да кошулат. Андан тышкары Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо темир кени турат. Бала-Чычкан деген да өтө чоң кен бар. Бөлтүрүк проект менеджер чет мамлекеттен команда алып келип, бул жактагы жакшы балдарды чогултуп, ошолорду жүргүзөлү деп жатат.
2021-жылы 12-майда Кумтөр кенинин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.
Садыр Жапаров былтыр премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. Ушундан улам Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлүп, аны иштетүүгө каршы чыгышкан.
Кыргызстан “Центерра Голд" менен бир пикирге келмейинче сырттан башкаруу узартыла берет. Мунасага келсе андан ары да Кыргызстандын пландары бар. Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы үч айга узартылат.
Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. 7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү териштирип жаткан мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгын изилдеген. Анын айтымында, тийиштүү документтерге ошол кезде премьер-министр болуп турган, кийин шайлоодо президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев кол койгон:
“Сентябрда шайлоо болуп жаткан учурда “Центерра” “РСК-банкка” 10 миллион доллар которгон экен демөөрчүлүк жардам катары. Капиталдык салымды ошол кезде каржы министри бекитчү экен, бирок премьер-министр өзү бекитип, акчанын баарын шайлоого түштүккө мектептерге которгон экен”. Жапаров “Мурункуларга Башкы прокуратура баасын берсин” деп белгилеп, расмий маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүлгөнүн айтты. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат.
Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. Өкмөткө "Кумтөр Голд компани" ишканасын убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгуу сунушу берилди.
Жапаров Centerra Gold Inc. компаниясы учурдагы Салык кодексинин негизинде салык төлөшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы келишим ратификацияланып жатканда компанияга өзгөчө режим берилген. "Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы жаңы шарттар тууралуу, кайра каралып чыккан инвестициялык келишимди, кайра каралып чыккан концессиялык келишимди жана башка макулдашууларды жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүүнү сунуштайбыз", — деген ал.
"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу мындай. 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен. Бүгүн мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Стратегиялык келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алган. 12-майда Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, тоо-кен тармагы боюнча адистер менен эксперттер, Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү катышты. Ошол учурда Салык кызматы жана Социалдык фонддун текшерүүлөрүнөн кийин «Кумтөр Голд Компаниге» салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу 10,2 млрд сомдон ашык акча эсептелген. Бул жагдай талаш-тартыштын эмес, тескерисинче өкмөт менен «Центерранын» өкүлдөрүнүн ортосундагы соодалашуунун предмети болуп, сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн узартууга алып келген.
Сүйлөшүү процессинин негизги адамдары болуп «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Аскар Өскөмбаев менен Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Мукамбетов саналат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2016-жылдан 2018-жылга чейинки жалпы суммасы 149 млн долларды түзгөн кошумча эсептелген салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн өндүрүүнүн ордуна 2019-жылы 7-августта бир тараптуу милдеттенмеге кол коюлуп, ал боюнча Социалдык өнөктөштүк фонду түзүлүп, жыл сайын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна берилүүчү акчанын көлөмү 2,7 млн доллардан 3,7 млн долларга көбөйгөн.
Жыйынтыгында коомдук фонддорго 88,8 млн доллар алынган. 2019-жылы 7-августта кол коюлган бир тараптуу милдеттенменин кесепетинен кыргыз тараптын чыгымы 60,2 млн долларды түзгөн. Салыктары, камсыздандыруу төлөмдөрү эсептелип, айып пулдар салынган. Бирок өкмөт бул компания менен ар кандай соодалашууга барып, дайыма биздин бюджеттин кызыкчылыгы төмөндөйт. 2013-жылдан 2020-жылга чейин өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдердин кесепетинен Кыргызстандын болжолдуу жоготуусу 438 млн сом же 37 млрд 142 млн сомду түзгөн. Бул акчалар сүйлөшүүлөргө катышып, өлкөнүн кызыкчылыгын эске албай, жогорудагы келишимдерге кол койгон адамдардын эсебинен калыбына келтирилиши керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg