www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) Sputnik V коронавирус вакцинасын сыноонун үчүнчү фазасынын убактылуу жыйынтыктарын жарыялады. Ага карата, Sputnik V вакцинасынын натыйжалуулугу 92% түздү.
Препараттын биринчи дозасын буга чейин 20 миңден ашык ыктыярчылар кабыл алышкан, 16 миңден ашыгы биринчи жана экинчи дозаларын алышкан. Бардыгы болуп каттоодон кийинки изилдөөлөргө 40 миң адам катышат.
РФПИ Sputnik V менен эмделген адамдарда күтүлбөгөн терс реакциялар байкалбагандыгын - болгону кыска мөөнөттүү терс таасирлери гана байкалгандыгын баса белгиледи. Вакцинага тиешелүү маалыматтарды алдыңкы эл аралык медициналык журналдардын бирине жарыялоо пландаштырылууда.
Өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашко анализдин жыйынтыгы Sputnik V коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн натыйжалуу каражаты экендигин көрсөттү деп белгиледи. Министрдин айтымында, бул Россияда COVID-19га каршы массалык эмдөөнү эртереек баштоого мүмкүндүк берет.
Булак: NazarNews.kg