www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Орусия Украинага каршы жаңы аскердик агрессиясынын кесепеттери оор болуп, чоң чыгымга алып келеринен күмөн санабашы керек". Бул тууралуу "Чоң жети" (G7) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышкан эки күндүк жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган билдирүүдө айтылат.

"Чоң жети" уюмуна индустриалдык жактан өнүккөн демократиялык ири өлкөлөр кирет: АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Канада жана Жапония. Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алганга чейин бул уюмга мүчө болчу.

G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жыйындын жыйынтыгында жалпы коммюникеден тышкары "Орусия жана Украина жөнүндө" өзүнчө билдирүү кабыл алышты. Анда Орусиянын куралдуу күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын аймактарга топтоп жатканы, ошондой эле Москванын бул өлкөгө карата агрессивдүү ритрикасы айыпталган.

Документте ошондой эле чыңалууну басаңдатуу жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чакырыгы жазылган. Мындан тышкары АКШ менен Орусиянын президенттеринин 7-декабрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү жана Германия менен Франциянын "Норманд форматындагы" аракеттери белгиленип, Украина чыгышындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Минск келишимдерин ишке ашыруу чакырыгы айтылган.

"Эл аралык укукта чек араларды өзгөртүү үчүн кандай гана болбосун күч колдонууга таптакыр тыюу салынган", — деп жазылган документте.

АКШ менен Батыш өлкөлөрү Орусия Украинага каршы чабуул даярдап жатышы мүмкүн, ошондуктан украин чек арасына жакын жерге 100 миңдей аскерин топтоп жатат деп эсептөөдө.

Москва кол салууга жана аскердик операцияга даярдык көрүп жатканы тууралуу божомолдорду четке кагып келет. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, "Киев НАТОго өтө жакындап бараткандыктан, Москва коргонуу позицияларын ээлеп жатат".

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жакында эле бул кырдаалга байланыштуу өз талаптарын жарыялаган. Анда НАТО келечекте Украина бул Түндүк атлантикалык уюмга мүчө болуп кирет деген билдирүүсүн кайра артка алуусу керектиги белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости