www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияга тиешелүү Магнитскийдин маңыроо мыйзамы бар. «Азаттыктын» азгырыгы менен АКШ президенти Байден Жо жоолашканы Путин болсо да биздин жигиттерди ушул тизмесине коштура баштады. 1991-жылы Союздан чыгып эгемендүүлүккө жетишкен Кыргыз Республикасы демократиялыке жолго багыт алган. Ал кездеги Орусиянын президенти Борис Ельцин АКШ менен жакшы мамиледе болуп, Орусияны баткакка тыга баштаган. Кыргызстандын ал кездеги мамлекет башчысы Аскар Акаев АКШ менен да, Орусия менен да жакшы мамиле күтүп, Вашингтон менен Москванын таттуусун татып турган. Бирок, АКШтан башталган «жоогазын революциясы» аны Москваны көздөй учуруп кеткен. Ошондон баштап башка коңшуларга караганда Кыргызстан Батыштын бутасына илинген. Кыргызстанда башаламандык боло берет турбайбы деген үмүт менен, Батыш Борбор Азияда Кыргызстанды өзүнүн таяныч пункту деп эсептеп, Орусияга каршы чуулгандуу чатактарды ушул жактан баштоону көздөп келатат.
АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишим биз үчүн эмес, АКШ үчүн түзүлгөн
Батышчыл күчтөр 2020-жылы тынч жаткан Кыргызстанды кайрадан козгоп, каржы ресурстарын биз аркылуу Борбор Азияга чачкысы келет. Анткени, үмүт кылып турган ал кездеги мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков АКШтын күткөнүн актабай, өңүн Орусия менен Кытайды көздөй буруп кеткен. Ошондуктан, АКШ тарабынан сунуш кылынган кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуну кечеңдеткенден, бул келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыктары такыр каралган эмес, АКШ үчүн гана пайдалуу болмок. Эгер бул келишимге Кыргызстан кол койо турган болсо, өзү мүчө болуп турган ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ алкагында беделин түшүрүп алмак. АКШ бизди «мурдубуздан жетелеп» коопсуздукту өзүнө каратып, НАТОнун шартында аскер-техникалык кызматташтык сунуштап, ошондон улам чек араны да АКШ көзөмөлдүккө алмак. Эмнеге АКШ элчилигинин аскер атташеси Тажикстан менен болуп жаткан талаштуу жерге төрт жолу барган? Вашингтондун буту ал жерге жетери менен ал жерде чек ара боюнча жаңжалдар болуп турган.
Бул келишим боюнча АКШ жана «наточуларды» салык, бажы төлөмдөрдөн кутултуу жолун карашкан. «НПОчулар» жана башка Батыштын көрсөтмөсү таянып, АКШ элчилигинин келишими менен иштегендер америкалык жана башка эл аралык уюмдардан каржыланса кыргыз бюджетин «салаасынан бармагын» көрсөтүп койсо болмок. Андан тышкары буларга кол тийбестик дипломатиялык иммунитет да каралган. Буларга эч кимдин колу тийбей, эң башкысы «НПОчулардын» таскагы катуу чыгып, кыргыз бийлигине отчет беришпей каалаганын жасашмак. Бул келишим ишке ашса «Азаттык» сымал батышчыл маалыматтык каражаттар «өзүм бий, өзүм хан» болушмак. Кыргыз бийлиги «көз карандысыз» деп аталган ММКлардын чекелеринен да черте алышмак эмес.
Эгер Кыргызстан бул келишимге кол койсо АКШ чек арада оюн салмак, ал мамлекеттин агенттери чектөөсүз чек араларга барышып, ар кандай маалыматтарды чогултушуп, аны өздөрү каалагандай пайдаланышмак. Ушул келишим аркылуу Кыргызстан Борбор Азияда Кошмо Штаттарга гана көз каранды полигонго айланып калмак. Ушул полигон аркылуу АКШ Борбор Азия мамлекеттеринде башаламандыктарды уюштуруу максатында каалаганын жасай беришмек. Ушундай максаттары ишке ашпай калган АКШ кандай болсо да Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кетирүүнүн жолун издешкен.
2020-жылдын башында Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына кийирүүгө виза бербөө мыйзамы чыккан. Арийне, Батышты колдогон депутаттар беш жылга чейин ал жакка кирүүгө визаны мурун эле алып коюшкан. Ошондон улам АКШ өз элчилигин жана Улуу Британиянын элчилигин Кыргызстанга буруп «Сорос» фонду, ЮСАИД аркылуу коомчулуктун бийликке болгон тескери мамилесин жаратуу үчүн каржылоону күчөтүшкөн. Батыштын аштоосунан «жем» жеп көнүп калышкан бейөкмөтчүл уюмдар, «Азаттык», Би-Би-Си сымал маалымат каражаттары күрөшкө аттанышып башаламандыкты уюштурушуп, бийликти алмаштырган.
Эмне үчүн АКШ «Магнитскийдин тизмесине» Раим Матраимовду кийирген?
Кыргыз эли үчүн эмес, Кыргызстанда башаламандыктарды уюштургандарга кол тийбестик иммунитетин берүү үчүн түзүлгөн келишимге мурунку президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эмес. Ошондуктан, Батышчыл күчтөрдүн курмандыгы болду. АКШ таасир эткен «Азаттык» үн алгысы сыяктуу батышчыл күчтөр кыргыз бийлигине каршы чабуулун Раим Матраимовдон баштаган. Ар кандай жалган жалааларды сүйкөп Раим Матраимовду каралоого өтүшөт. Раим Матраимовдун мыйзамдуу жол менен тышка чыккан акчаларына асылышканы менен, ал ар бир чыккан тыйындын жообун берип, «Азаттыкты» алдасдатып койгон. Ошого карабай коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жалган болсо да каралоону уланта беришкен. «Азаттык» үн алгысы баш болгон Сорос фондусунан, ЮСАИДден кошумча «жем» жеген маалымат каражаттары ар кандай журналисттик иликтөөлөрдү уюштурумуш болгон. Аны даярдаганда Сорос фонду аркылуу АКШ миллиондогон акча бөлгөн. Миллиондогон акчаларды корото албай турушкандар ар кандай «Реакция» сыяктуу митингдерди, журналисттик иликтөөлөрдү уюштурушкан. 2020-жылга карата АКШ Конгресси 3 миллион доллар менен «сүйлөтүп» жаткан «Азаттык» үн алгысы Сорос фондусу тарабынан да 3 миллион доллар алган.
АКШ Кыргызстандын ички иштерине башын тыкканды жакшы көрөрүн жаңы келген АКШ элчиси Дональд Лу тастыктады. Америкалык дипломаттын Кыргызстанда ким камалып жатканы менен эмне иши бар? Же алар ким камалып жатканга баа бериш үчүн элчи болгонбу? АКШ элчиси Дональд Лу Матраимовдун кармалуусун өз пикирин айтып «Голливуд фильмине» теңеп, бир беткей жамандап, кытмыр ойлорун чачыратканы үчүн коомчулуктун кыжырына тийип, кыргыз эли эмне биз башкасы бүтүп АКШтын «колониясына» айланып калганбызбы, эмне үчүн АКШ биздин ички иштерге киришет деген ойлорго түртүп турат.
Орусиянын «жаназасын» окутуп, чөгөлөткүсү келген Байден Кыргызстанды Орусиянын кол алдында деп ойлоп жаткандай
Бийлик алмашкан соң АКШ бир-аз тынчып жаңы бийлик башына келгендер келишимге кол коюшарына ынанып калышкан. Арийне, бийлик башына келген Садыр Жапаров биринчи иш сапарын Москвадан баштады. Эмне ал Батышты колдогон президенттик аппарат жетекчиси Сүйүн Касмамбетовго жетелетип калды беле? АКШ президенти Байденге бул жаккан жок. Байденге негизи Орусияда болуп жаткан ар бир жакшы иш жакпайт. Ошондуктан, ал Путинге уу тилин агыта баштады. Дзю-до менен машыгып жүргөн Путин Байден бакырып койсо чөгөлөп жата калгандай саясатта сары ооз балапан эмес. Анын үстүндө экстрансенс Мессингдин айтып кеткенине караганда 2021-жылы АКШ мурунку салмагынан түшүп, өз арбайын согуп калат экен. Путин Байдендин уу тилин талаада калтырбай жооп берди.
Кыргызстанда болсо, Башмыйзамды реформалоо алдында ага каршы митингдер күч алууда, тынчтык марштары Батыштын күчү менен өтүп жатат. «Терисин тескери жамынган» Батыш колдоп президенттик аппарат жетекчиси болгон Сүйүн Касмамбетов же Башмыйзамды колдоорун, же митингчилерди колдоорун билбей, алапайын таппай бараткан учур. Негизи анын деле күнү бүтүп бараткандай. Анткени, Орусия, Өзбекстанга жасаган президент Жапаровдун иш сапарына жакшы үңүлүп караган адам, биздин мамлекеттин позициясы батышчыл көз караштагы жарандардын позициясы менен ача пикир туудура баштаганы белгилүү боло баштады. АКШ да тынч жатып алган жок, алардын көрсөтмөсү менен коомчулукта азыркы бийликке каршы каршылык кыймылын күчтөнтүү үчүн жан алекетке түшө баштады. Соцтармактарда жарандык активисттер конституциялык реформага каршы пикирлерин тынбай жарыялашып, аны менен катар боло турган парламенттик шайлоодо кайрадан батышчыл күчтөр реванш алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул барып кайрадан башаламандыкка алып барышы мүмкүн. АКШ тараптан «Азаттык» үн алгысы, «Реформа» партиясы гана күчтөнбөй, жаңы саясий биримдиктер түзүлүп күч ала баштайт. «НПОчулардын» элестеткенине караганда Белоруста өткөн митингдердин сценарийи Кыргызстанга тагылып, чуулгандуу окуялар болот имиш.
АКШ Садыр Жапаров мамлекет башына келгенде унчукпай турган. Бирок, анын президент болуп шайланышына сүйүнүп деле кеткен жок. Тескерисинче, көз карандысыз байкоочулардын шайлоодо эреже бузуулар катталганын билдиришкенин божурап, алардын айткандарын иликтеп чыгууну «буюрган». АКШ ошондой эле начар иштеп жаткан элчисин алмаштырып, ордуна башаламандыктардын уюштуруучусу, Вашинтон каякка жиберсе «Бөрк ал десе, баш алган» Дональд Луну Кыргызстанга элчи кылып алып келген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg