www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тик учак кулап, 9 адам каза болду

Ооганстандын Вардак провинциясында Ооганстандын атайын күчтөрүнө таандык болгон Ми-17 тик учагы кулап, анын бортундагы тогуз адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Тилекке каршы, Ми-17 тик учагы Вардак провинциясынын Бехсуд районунда кулады. Бул кырсыктан коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери каза болду. Коргоо министрлиги кырсыктын себептерин иликтөөдө", - деп билдиришкен Коргоо министрлигинен.

Айрым маалымат булактары тик учакты согушкерлер атып түшүргөнүн жазышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости