www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат

Жалал-Абад жана Баткен облусунда жашаган алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жейт.

Бул маалымат USAID уюмунун «Мыкты азыктануу» долбоорунун алкагында жүргөн изилдөөдө аныкталды. Жогоруда саналган зыяндуу тамак-аштын түрү балдарда ашыкча салмакка жол ачып, дени сак чоңоюушуна тоскоол болот.

Долбоордун алкагында 17 миңдей үй-бүлө сурамжылоого алынган. Анын натыйжасында алты айга чейинки балдардын жарымы гана жалаң эмчек сүтү менен чоңоюп жатканы билинди.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 18 жашка чыга элек 1 миллиондон ашуун бала бар.

Балдар арасындагы жакырчылык 32,1% деп эсептелген. Беш жашка чыга элек балдардын 43% аз кандуулук оорусу менен жабыркайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости