www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда миграциялык көзөмөл күчөгөн шартта көзөмөл реестрине алынган кыргызстандыктардын саны 128 миңге жетти. Алардын 30 миңи балдар. Ал эми 91 миң кыргыз жараны “кара тизмеге” киргизилген.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 800 миңге жакын кыргызстандык миграцияда жүрөт. Анын 341 миңи Орусияда, калгандары Казакстанда, АКШда жана Түркияда иштеп, жашап жатат. Бирок Орусияда талаптар катаалдашкан сайын кыргыз мигранттарынын саны азайып баратканы белгиленди.
Өзгөрүүлөргө байланыштуу кыргыз бийлиги мигранттарды мекенине кайтууга чакырып, өлкө ичинде жумуш орундарын көбөйтүп жатканын билдирүүдө. Жумушчу күчтүн тартыштыгынан улам чет элдиктерге берилген квота 12 миңден 42 миңге чейин кеңейтилди. Бул кадам Кыргызстандагы эмгек рыногунда олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын көрсөтөт.