www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия гуманитардык жардам катары Африканын алты өлкөсүнө 200 миң тонна буудай жеткирди. Бул тууралуу кечээ, 20-февралда Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев президент Владимир Путин менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, Мали, Буркина-Фасо, Зимбабве жана Эритреяга 25 миң тонна, Сомали менен Борбордук Африка Республикасына 50 миң тонна эгин жеткирилген.

«Айыл чарба министрлиги «Бириккен дан компаниясы» менен бирдикте Тышкы иштер министрлигинин жана Транспорт министрлигинин жардамы менен Африка континентинин эң жакыр алты өлкөсүнө буудай жеткирди», - дейт Патрушев.

Министр биринчи кеме өткөн жылдын 7-ноябрында, акыркысы январдын аягында Сомалиге келгенин кошумчалады. Орто эсеп менен алганда, ар бир кеме белгиленген жерге жетүү үчүн болжол менен 30-40 күн талап кылынган.
Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, 2030-жылга чейин Орусия жана Африка континентинин өлкөлөрү соода жүгүртүүсүн жок дегенде эки эсеге көбөйтө алат. Москванын расмий планына ылайык, бул көрсөткүч алты жылдын ичинде 36 миллиард долларга жетиши керек.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2023-жылы Орусия Украинанын портторунан эгин экспорттоо келишиминен чыгаарын жарыялаганда Путин Африканын алты өлкөсүнө эгин жеткирерин айткан. Ал белгилегендей, батыш өлкөлөрү Россиянын дан келишими боюнча талаптарын ишке ашырууга бөгөт коюуну улантууда. Орусия менен Украина 2022-жылдын июль айында Түркия менен БУУнун ортомчулугу менен өзүнчө дан келишимин түзгөн. Келишимдердин айрымдары Украинадан эгин экспорттоого байланыштуу болсо, экинчиси россиялык айыл чарба азыктарын жана жер семирткичтерди экспорттоодогу тоскоолдуктарды жоюуга байланыштуу болгон. Орусия келишимдин экинчи бөлүгү аткарылбай жатканын бир нече жолу билдирген. Москва ошондой эле Батышты эң жакыр өлкөлөргө эмес, Украинадан Европага эгин жеткирип жатат деп айыптады. 2023-жылдын 18-июлунда Орусия келишимге катышуусун расмий түрдө токтотту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости