www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия дос эмес өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти

Орус өкмөтү 11 жаңы субъектти дос эмес өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмесине кошту. Алардын баары Улуу Британия киргизген санкцияларды колдогон Британиянын океандын тышындагы аймактары. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында айтылды.

Белгиленгендей, бул тизмеге Британ Антарктика аймагы, Британия Инди океан аймагы, Кайман аралы, Фолкленд аралдары, Монсеррат аралы, Питкэрн аралы, Сент-Хелена, Вознесения жана Тристан-Кунья, Түштүк Джорджия жана Түштүк Сэндвич аралдары кирет.

Кипр аралындагы Акротири жана Деселия, Теркс жана Кайкос аралдары да дос эмес аймактардын катарына кошулду.

Буга чейин Британиянын деңиздин тышындагы үч аймагы гана достук эмес деп табылган. Булар Ангилья аралы, Британиянын Виргин аралдары жана Гибралтар. Бардык 14 аймак азыр тизмеде.

Маалымат үчүн айта кетсек, Орусия 2018-жылы дос эмес өлкөлөрдүн жана аймактардын тизмесин түзө баштаган. Бул тизмеге биринчилерден болуп Америка Кошмо Штаттары кирет. Орусиянын Украинадагы “атайын операциясы” башталгандан жана батыш өлкөлөрүнүн жооп чараларынан кийин тизмеге катышкандардын саны кыйла көбөйгөн. Учурда анын курамына элүүдөн ашык мамлекет, анын ичинде дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости