www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын мунай компаниялары Индиянын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жеткирүүнү көбөйтүүнү өтүнүштү. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, украин дрондорунун чабуулдарынан кийин Орусия мунай иштетүү кубаттуулугунун болжол менен 40%ын жоготкон.
Маалыматка ылайык, Индиядан Орусияга кеминде 1 партия бензин жөнөтүлүп, дагы кошумча жеткирүүлөр күтүлүүдө. Бирок индиялык заводдор экспорт үчүн кошумча көлөмдөрү жок экенин билдиришкен.
Reuters жазгандай, июлда Орусияда мунай иштетүүнүн көлөмү суткасына 3,91 млн баррелге чейин төмөндөп, бул 2005-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болду. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 30%га азайган.
Эксперттердин баасында, өлкөдө ай сайын күйүүчү майдын тартыштыгы 400–600 миң тоннага жетүүдө.