www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Сауд Арабия менен Ирактан озуп, октябрда Индияга эң көп мунай жеткирген өлкө болду. Бул тууралуу Vortexa компаниясынын аналитиктеринин айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Октябрда Орусия Индияга күнүнө 946 миң баррель мунай жеткирген. Бул ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч (22 пайыз) болуп саналат. Ошол эле учурда октябрь айындагы жеткирүүлөрдүн 20,5 пайызы Иракка, 16 пайызы Сауд Арабиясына туура келген", — деп жазылат маалыматта.
Аналитиктердин эсептөөсүнө таянсак, өткөн айда Индияда чийки мунайды импорттоо көлөмү сентябрга салыштырмалуу 5 пайызга өссө, Орусиядан алынган көлөм 8 пайызга жогорулаган. Орусиянын мунайын деңиз аркылуу эң көп алган Кытай болгону менен Европа биримдигине салыштырмалуу Индия Орусиядан мунайды деңиз аркылуу биринчи жолу көп алып кеткен.
Ошол эле учурда компаниянын аналитиктери Батыштын РФ мунайынын баасы боюнча сунушунан келип чыккан чектөөлөрдөн улам декабрь айында Орусиядан Индияга мунай азыраак импорттоло турганын божомолдошкон.
Октябрдын башында Евробиримдик РФ мунайынын үчүнчү өлкөлөргө деңиз аркылуу ташуу баасынын чегин аныктоону камтыган Орусияга каршы санкциялардын сегизинчи пакетин киргизген. 2022-жылдын 5-декабрынан тартып мунайга, ал эми 2023-жылдын 5-февралынан баштап мунай продукциясынын баасына лимит киргизүү пландалууда.
Булак: NazarNews.kg