www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандык QazaqGaz жана орусиялык "Газпром" - Орусия, Казакстан жана Кытай аркылуу өтө турган эл аралык газ куурун жаткыруу маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу 22-февралда "Власть" сайты Казакстандын энергетика министри Болат Акшолаковго шилтеме берүү менен кабарлады.
Министр техникалык-экономикалык негиздеменин мөөнөтү жана башка параметрлер жөнүндө айткан жок. Анын билдиришинче, Казакстан орус газынын эсебинен өлкөнүн чыгыш аймактарын газдаштыра алат. Акшолаковдун айтымында, 2022-жылы Казакстанда 11,6 миллион киши же калктын 59% үчүн газ жеткиликтүү болгон.
Былтыр ноябрда Москва Казакстан менен Өзбекстанга “газ биримдигинин үчилтигин” түзүүнү сунуштаган. Жакында Казакстан менен Өзбекстан өкмөттөрү “Газпром” менен жол картасына кол коюшкан. Февралдын башында Казакстан президенти Түндүк Казакстан облусуна барган учурда аймакты газдаштыруу маселеси курч бойдон турганын билдирген. Ал өкмөткө акимчилик менен бирге аймакты газдаштыруунун түрдүү жолдорун иштеп чыгып, президенттин аппаратка сунуштоону тапшырган.
Эл аралык жана орусиялык басылмалар 2022-жылы “Газпромдун” чет өлкөлөргө, анын ичинде Түркия менен Кытайга экспорту 45% төмөндөп кеткенин жазышкан. Экспорттун кыскарышы менен газ өндүрүү 20% же 412,6 миллиард кубометрге азайган. Жыл башынан бери компания газ өндүрүү жана экспорт боюнча статистиканы жарыялабай калды.
Булак: NazarNews.kg