www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Өзбекстан жана Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташтык (АТК) жөнүндө колдонулуп жаткан келишимдерине өзгөртүү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Тиешелүү документтер укуктук актылардын расмий порталында жарыяланды.
Орусия Казакстан менен АТК боюнча келишимди 2013-жылдын 24-декабрында түзгөн (2015-жылы ратификацияланган), ал эми Өзбекстан менен 2016-жылдын 29-ноябрында кол койгон. Бул келишимдер курал-жарак жана аскердик техниканы жеткирүүнү, аскердик багыттагы продукцияларды алмашууну, ошондой эле технологияларды жана техникалык документтерди өткөрүп берүүнү жөнгө салат.
«Коммерсант» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Казакстан Орусиядан Су-30СМ истребителдерин (2022-жылга карата алардын жалпы саны 20га жеткен), Ми-171Ш жана Ми-35М тик учактарын, «Бук-М2Э» зениттик ракеталык комплекстерин, БТР-80 жана БТР-82А бронетранспортёрлорун алган. Ошондой эле 2015-жылы Москва аймактагы бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү программасынын алкагында Астанага беш даана С-300ПС зениттик ракеталык системасын акысыз өткөрүп берген.
Өзбекстан болсо 2017–2019-жылдары мамлекеттик экспорттук насыянын негизинде 12 даана Ми-35М тик учагын алган жана болжол менен 30 даана МиГ-29 истребителин жаңылаган. Мындан тышкары, тараптар Су-30СМ истребителдерин, «Сопка-2» радиолокациялык комплексин жана «Печора-2М» зениттик ракеталык комплекси үчүн жабдууларды жеткирүү маселесин талкуулашкан.
Казакстан Өзбекстандан айырмаланып, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ/ОДКБ) мүчөсү болуп саналат. Ошондуктан анын Орусия менен болгон эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыгы жамааттык коргонуу пландоосунун элементтери менен толукталат. Ал эми Өзбекстан менен эки өлкөнүн аба күчтөрүн жана абадан коргонуу аскерлерин биргелешип колдонуу жөнүндө өзүнчө келишим күчүндө турат.