www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-июнда Дангара райондук соту өз баласын сабаган аялга карата өкүм чыгарды. Холиса Шоева 35 миң сомони айып пул төлөйт же бир жыл эки ай колонияда жазасын өтөйт.
Холиса Шоева 21-июнда «Озоди» радиосуна курган маегинде өкүмгө макул эместигин, бирок жогорку инстанцияларга кайрыла албай турганын билдирди.
«Менин юристке акчам жок. Азыр кызым менсиз кыйналбашы үчүн акчаны кайдан, кантип таап, айып төлөсөм деп көбүрөөк ойлонуп жатам», — деди Холиса Шоева.
Баласын сабап жаткан аялдын видеосу ушул жылдын апрель айында социалдык тармактарда пайда болуп, колдонуучулардын нааразычылыгын жаратып, көбү энени катуу жазалоону талап кылган.
Холиса Шоева «Озоди» радиосу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө баласы кежирленгени үчүн урганын айткан.
Кийинчерээк Тажикстандын Башкы прокуратурасы Холиса Шоева мурдагы күйөөсү Сайфиддин Алиевден өч алуу үчүн баласын ачык түрдө сабаганын билдирген. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча 25-апрелде жубайлардын ортосунда чыр чыгып, Холиса Шоева эки жашар кызын ээрчитип үйүнөн чыгып кеткен.
«Хожент шаарында таксиде баратып кызын сабап, муну телефонунун камерасына тартып алган. Анан бул видеону күйөөсүнө мессенжер аркылуу жөнөткөн. Ал эми Алиев видеону көргөндөн кийин аны социалдык тармактарга тараткан», — деп билдирген Башкы прокуратуранын басма сөз борбору.
Дангара районунун прокуратурасы Холиса Шоевага “Жашы жете электерди окутуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Холиса Шоева менен Сайфиддин Алиев былтыр ажырашып кетишкен. Апасы сабаган Шохзода Йосуман Абдулло 1-сентябрда эки жашка чыгат.
Булак: NazarNews.kg