www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен чектешкен НАТОго мүчө мамлекеттер мүмкүн болгон аскердик коркунучтарга байланыштуу коргонуу чараларын күчөтүп жатышат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Финляндия, Польша жана Литвада коргонуу инфраструктурасы курулуп, аскердик чыгымдар кыйла көбөйтүлүүдө. Бул өлкөлөр коргонуу тармагына ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 5 пайызына чейин каражат бөлүүгө даяр экенин билдиришкен.

Ошондой эле акыркы мезгилде НАТОнун аскердик машыгуулары Орусиянын чек арасына жакын аймактарда көбүрөөк өткөрүлүп жатканы белгиленет.

Орусиянын бийлиги буга чейин Украинадагы аскердик операциянын башталышын НАТО менен түздөн-түз жаңжалдын алдын алуу аракети катары түшүндүрүп келген. Ал эми жакында НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусия альянс үчүн узак мөөнөттүү негизги коркунуч бойдон каларын билдирген.

Последние новости