www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШга НАТОнун Орусия менен чек арасын күчтөндүрүш үчүн Финляндияга курал-жаракты арбын жеткирүүгө туура келет. Бул туурасында Лексингтон институтунун улук аналитиги Сара Уайттын айтканын РИА Новости жазды.
"Финляндия, кыязы, америкалык жаңы куралдарды алуу үчүн көңүл көп бөлүнгөн талапкер болот", — деген эксперт.
Уайт фин армиясы жакын арада АКШдан бешинчи муундагы F-35A үлгүсүндөгү 64 истребитель аларын белгилеген. Серепчинин айтымында, бул учактар чалгындоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңири болгондугунан улам НАТО үчүн өтө баалуу деп эсептелип келет. Ал истребителдердин артынан эле оор техника жөнөтүлөрүнөн шек санабай тургандыгын кошумчалаган.
"Финляндиянын Орусия менен созулуп жаткан чек арасын эске алсак, ал M1A1 Abrams танкаларын алуу үчүн негизги талапкер", — деген пикирин билдирген.
Чехиянын Башкы штабынын башчысы Карел Ржека мурдараак Москва менен болуп кетүүчү чатактан коркутуу жолу менен гана айланып өтүүгө болот деген жоромолун айткан эле. Анын пикиринде, "Россия менен чатактын" чыгышы боюнча ой азырынча чындык эместей көрүнүп жатат, бирок болуп кетишин элестетүү кыйын деле эмес. Муну менен катар эле Финляндиянын коргоо министри Антти Хяккянен Батыштын Чыгыш тараптагы коңшусу менен кансыз согушка даярдыгы Киевди мындан ары колдоо үчүн жасалып жатканын айткан болчу.
Москва НАТО өлкөлөрү Орусияга карата агрессиялуу жана экспансиялык саясат жүргүзө баштаганын билдирген. Алардын аскердик блокту Чыгышка карай кеңейтүү менен Россиянын чектерине армиясын, куралдарын жайгаштырууга умтулуп жатканын айткан. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Түндүк атлантикалык альянстын азыркы кадамдары Украинадагы атайын операциянын туура эле башталганын бекемдеп турганын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg