www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Париждеги олимпиадалык оюндарга катыша алабы?

Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт. Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын спортчуларына 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага нейтралдуу макамда катышууга уруксат берди. Олимп оюндарына спортчулар гана катыша алат, Орусия командалык мелдештерге катыша албайт. Спорттун командалык түрлөрү боюнча спортчулар жана аскердик операцияларды колдогон же аскердик уюмдар менен байланышы бар жеке спортчуларга мисалы ЦСКА, мелдештерге катышууга жол берилбейт.

Олимпиадага Орусиядан сегиз гана спортчу жолдомо алды. Калган спортчулар эл аралык мелдештерге катыша албагандыктан жолдомо алышкан эмес.

Париж олимпиадасына аталган өлкөнүн расмий өкүлдөрү чакырылбайт. Буга чейин Европанын айрым өлкөлөрү менен Украина Орусияны нейтралдуу макам менен да эч качан катыштырбоону талап кылып, уруксат берилсе, бойкот жарыялашы мүмкүн экенин айтышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости