www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалдын курчушун токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

"Биз эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык каналга ырааттуу өткөрүү үчүн чукул жана комплекстүү чараларды көрүүгө, курчутуу аракеттерин, ошондой эле үчүнчү тараптардын провокацияларын токтотууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте жана Дүйшөмбүдө бир нече жолу айтылгандай, чыр-чатактын негизги себеби кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бир катар тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин толук эместиги болуп саналат.

"Ушуга байланыштуу биз өнөктөштөр үчүн алгылыктуу болгон ар кандай жардамды көрсөтүүгө чын дилден даяр экенибизди ырастайбыз. Биз "арсеналда" сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана чек араны демаркациялоо үчүн жагымдуу тышкы шарттарды камсыз кылуучу каражаттардын кеңири спектринин бар экендигине көңүл бурабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле мүмкүн болушунча тезирээк стабилдүүлүктү калыбына келтирүү жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын ортомчулук аракеттерине чакырды.

"Тилекке каршы эки тараптан тең каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Буга байланыштуу каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтабыз", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон.

Белгилей кетсек, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатактын очогу Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.

Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости