www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва азык-түлүк көйгөйүн чечүү үчүн бардык кызыкдар тараптар менен диалогго даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Азык-түлүк маселесин чечүү комплекстүү мамилени талап кылат. Анын ичинде орусиялык экспортко жана каржы операцияларына киргизилген санкциялар бар. Мунун баарын чечүү керек. Орусия тарап көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү каалагандардын баары менен диалогго дайым даяр", — деди Руденко.

Эске салсак, бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы бир нече санкциялар пакетин жарыялаган. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул санкциялардын кесепети эл аралык азык-түлүк кризисине алып келерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости