www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия келечекте Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка шаарларды, анын ичинде Белградды да кароого даяр экенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Сүйлөшүү үчүн жер эки командага тең ылайыктуу болушу керек. Биз Беларуста бетме-бет сүйлөшүүнүн үч айлампасын өткөрдүк, андан кийин техникалык себептерден улам тыныгуу болду, түз жолугушуу кыйын болду.

Азыр сүйлөшүү жүргүзүү боюнча келишим түзүлдү. Ыстамбулдагы жолугушуу эки тараптын мүмкүнчүлүктөрү дал келген географиялык чекти чагылдырат. Бирок кайталап айтам, биз, албетте, башка жерлерди, анын ичинде Белградды да кароого даярбыз», - деди Лавров.

Белгилей кетсек, буга чейин РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украина делегацияларынын Ыстамбулдагы сүйлөшүүсү дүйшөмбү күнү башталбай турганын, алар 29-мартта башталышы мүмкүн экенин билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости