www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага басып кирүүдөн баш тарттыбы?

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд Орусия Украинага кол салуудан баш тартышы мүмкүн экенин мойнуна алды. Ал мындай божомолун «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде билдирди. Анын тексти АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн сайтында таратылган.

Томас-Гринфилддин айтымында, Орусия мурдагы пландарынан баш тарта алат, бирок ошол эле учурда дипломатиялык жол менен чечилмейинче Украинанын эгемендигине коркунуч келтире берет.

«Орустар эмне кыларын алдын ала айта албайм. Ошондоц эле алар басып албоо чечимине келиши мүмкүн, бирок биз коопсуздукту чечүүнүн жолун таппасак, алар Украинанын коопсуздугуна жана эгемендигине коркунуч келтире беришерин билем», - деди Томас-Гринфилд.

Ал белгилегендей, АКШ «аларга тирешүүнү болтурбоо жолун табууга жигердүү жардам берүүнү» уланта берет, бирок дипломатиялык деңгээлде сүйлөшүү үстөлүндө жана орусиялыктар өздөрү талкууну улантууга ниеттенген учурда гана.

«Алардын тандоосу бар. Алар дипломатия менен алектене алышат. Алар суйлөшүп, ьир мамилеге келүү үчүн бир стол башына чогула алышат же биздин президент менен, ошондой эле башка лидерлер менен болгон дискуссияларга катыша алышат жана Украина өздөрүнүн коопсуздук проблемаларын чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууга жана биздин европалык союздаштарыбыздын коопсуздук проблемаларын чечүүгө аракеттене алышат, - деди АКШнын элчиси.

Эске салсак, Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Орусия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.

ТИМдин билдиргенине караганда, «орусиялык агрессия» жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.

Ал арада АКШнын президенти Джозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «кирип барышын» 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген.

Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды.

Материалда «америкалык көптөгөн аткаминерлерге» шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Орусия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости