www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинанын убадаларына ишенүүгө даярбы?

Орусия Батыш берген курал-жаракты Украинанын армиясы кандай колдонуп жатканына көз салып жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Украина буга чейин ага жеткирилип жаткан куралдарды тек гана коргонуу үчүн колдонуп жатканын, россиялык аймактарды аткылоого жол берилбей турганын Германияга убадалаган. Ушундай эле кепилдикти Киев АКШга да берген.

Песков "Кремль Киевдин убадаларына ишенүүгө даярбы?" деген суроого жооп берди.

"Биз бул курал-жарактардын кандай колдонулуп жатканынын ар бир эпизодуна дыкат көз салып турабыз. Эгер бул куралдын кайсы бир бөлүгү алдыңкы позицияга жетип жана биздин аскерлер тарабынан жок кылынбаса, биз анын колдонулушуна байкоо салабыз", — деди Песков.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости