www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-июндан 22-июнга чейин Бишкекте Универсалдык мезгилдик обзордун (УМОнун) үчүнчү бөлүгүнүн жүрүшүндө Кыргызстан тарабынан алынган сунуштамаларды аткаруу боюнча Орто мөөнөттүк отчетту даярдоо боюнча  семинар болуп өттү.

Семинарга улуттук укук коргоо институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле, узак убактан бери адам укуктарынын ар башка чөйрөсүндө иштеп келе жаткан жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара UPR Info уюму менен биргеликте «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы тарабынан уюштурулган. 

БДКнын аткаруучу директору Аида Байжуманова белгилеп өткөндөй, мындай иш-чаралардын жардамы менен жергиликтүү уюмдар УМО боюнча отчетторду түзүүгө, маалымат жана тажрыйба алмашууга үйрөнөт. Семинардын катышуучуларынын чөйрөсүнүн кеңири болушу бардык сунуштамалардын деталдуу жана ар тараптан иштелип чыгып, обзорго камтылышы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

«Кыргызстан орто мөөнөттөгү обзорду даярдап бере элек, андыктан, бул семинар мамлекет аткарууга алган сунуштамалардын темалары боюнча негизги маселелерди аныктоодо ар тараптуу күчтөрдү бириктирүү үчүн аянтча болууда» – деп белгиледи БДКнын улуттук координатору Лира Исмаилова.

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жарандык коом уюмдарынын (ЖКУнун) жана маморгандардын күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди, анткени, доклад укук коргоо ишмердүүлүгүнүн ар башка багыттары боюнча маалыматтарды камтыйт.

Акыйкатчы институту орто мөөнөттүк докладды даярдоо боюнча ишти улантууда, анын болжолдуу түрдө 70 пайызы даяр, эми тематикалык багыттар боюнча маалыматтарды кошуу жана толуктап иштеп чыгуу талап кылынмакчы.

UPR Info эксперттери Наргиз Арупова жана Лора Синнер катышуучуларга обзордун түзүмү, маалыматты чогултуу үчүн булактар, өлкө тарабынан алынган сунуштамаларды жүзөгө ашырууну баалоо иштери жөнүндө маалымат беришти. Катышуучулар башка өлкөлөрдүн орто мөөнөттөгү отчеттору жөнүндө мисалдар, ошондой эле, кандай сунуштамалар эске алынганы, дагы кандай кошумча чаралар талап кылына тургандыгы жөнүндө түшүнүктү жөнөкөйлөткөн визуалдаштыруунун ар түрдүү ыкмалары менен тааныша алышты.

Сунуштамаларды киргизүү даражасын жолчырак ыкмасы аркылуу: толугу менен эске алынган сунуштамалар (жашыл түс), жарым-жартылай эске алынгандар (сары түс) жана азырынча чечимдерди кабыл алуу деңгээлине жана практикага киргизиле электер (кызыл түс) аркылуу баалоо сунуш кылынды.

Отчетту даярдоо боюнча андан аркы иш семинарда түзүлгөн тематикалык группаларда жүргүзүлөт. «Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму адам укуктарын коргоо багытында эмгектенгендердин баарын бул ишке кошулууга чакырат.

Орто мөөнөттүк докладды даярдоо иши УМОнун маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын мүмкүн болушунча көбүрөөк түшүнүүсү жана билүүлөрү үчүн маанилүү компонентти – эдвокаси өнөктүгүн камтыйт.

Окутуунун соңунда катышуучулар орто мөөнөттүк отчетторду даярдоонун жана эдвокаси өнөктүктөрүн өткөрүүнүн даталарын көрсөтүү менен жол картасын биргелешип иштеп чыкты. Мунун ичинде маалымат менен иштөө инструменттери боюнча тренинг мерчемделген. Окутууну медиа-эксперт Инга Сикорская жүргүзөт.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы UPR Info, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорго каршы улуттук борбор (ККУБ) менен шериктештикте үч жылдан бери УМО – Универсалдык мезгилдик обзордун алкагында адам укуктарын илгерилетүү боюнча жарандык коом уюмдарынын жана укук коргоо институттарынын потенциалын жогорулатууга көмөктөшүп келет.

УМО – Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) мүчө-мамлекеттердин өз милдеттенмелерин аткаруусунун жүрүшү жөнүндө обзорлорду тааныштыруу боюнча эл аралык инструмент. УМОнун максаты – адам укуктарынын сакталышы боюнча кырдаалды жакшыртуу.

2020-жылдын январында Кыргызстан тарабынан обзор тааныштырылгандан кийин БУУнун 89 өлкөсүнөн 232 сунуштама алынган, алардын ичинен 193 сунуштама мамлекет тарабынан кабыл алынган, 39уна көңүл бурулган. УМОнун үчүнчү циклинин календарына ылайык, 2022-жылдын сентябрында орто мөөнөттүк этап башталат, ал эми 2024-жылдын 29-сентябрына карата төртүнчү циклдин алкагындагы доклад даярдалыш керек.

Последние новости