www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Иран Илон Масктын Starlink спутниктик интернет тармагына каршы аракеттерди күчөтүп жатканы айтылды.
Иран Starlink инфраструктурасын АКШ жана Израилдин аскердик операцияларында колдонулат деп эсептеп, аны мүмкүн болгон аскердик максат катары карап жатканын билдирген. Ал эми Орусияда Starlink Украина армиясынын дрондорун башкарууда маанилүү роль ойнойт деген пикир айтылууда.
Маалыматтарга караганда, негизги каршы чаралардын бири – радиоэлектрондук күрөш (РЭБ) системалары аркылуу спутник байланышын басаңдатуу жана үзгүлтүккө учуратуу. Айрым маалыматтарда мындай ыкмалар терминалдардын ишин кыйла начарлатышы мүмкүн экени айтылат.
Ошол эле учурда Starlink дүйнө жүзү боюнча миңдеген спутниктерден турган чоң тармак болгондуктан, аны толугу менен иштен чыгаруу кыйын экени белгиленет. SpaceX жоголгон спутниктерди тез арада алмаштыра алат.
Эксперттердин баамында, учурдагы негизги күрөш жердеги РЭБ каражаттары аркылуу жүрүп жатат, ал эми космостогу түз аракеттер чоң геосаясий тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.