www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва облусундагы Химки шаарынын соту америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерди тогуз жылга эркинен ажыратты. Ал маңзат аткезчилигине күнөөлүү деп табылды.

Грайнер быйыл февралда Москванын "Шереметьево" аэропортунда кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, анын багажынан электрондук тамеки үчүн гашиш майы табылган. Орусияда бул затка тыюу салынган, бирок АКШнын айрым штаттарында аны алып жүрүү мыйзамдуу болуп эсептелет.

7-июлда Химки райондук сотунда өткөн отурумда Грайнер күнөөсүн мойнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети болбогонун айткан.

Грайнер Екатеринбургдагы аялдардын УГМК баскетбол клубунда ойноп жаткан. АКШнын улуттук курама командасы менен эки жолу Олимпиада оюндарын уткан.

Мурдараак АКШнын президенти Жо Байден Орусияда камалган америкалык эки жаранды курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бутка алмаштыруу сунушун колдогон. Ал баскетболчу Бриттни Грайнер менен Орусияда соттолуп жаткан башка бир америкалык жаран Пол Уиланга алмаштырылары айтылууда.

Bloomberg басылмасы кабарлагандай, Москва Грайнерди Бутка гана, болбосо эки адамга эки адамды алмаштырууну көздөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости