www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда чочко тумоосу тездик менен жайылууда

Чочко тумоосу Орусиянын 55 административдик аймагында катталды. Бул тууралуу өлкөнүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча федералдык кызматы билдирди.

«Аныкталган сасык тумоо вирустарынын арасында Орусиянын 55 аймагында чочко тумоосу деп аталган A(H1N1)-2009 штамы басымдуулук кылат», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) менен ооругандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 18,5%га өскөндүгү айтылды. Адистер өз убагында эмдөө инфекциядан коргоого жардам берерин белгилешти.

Адистердин айтымында, бул ооруну белгилери боюнча сасык тумоонун салттуу түрлөрүнөн айырмалоо кыйын. Анткени дене табынын көтөрүлүшү, тамактын, баштын жана булчуңдардын оорушу, жөтөл, алсыздык, тынчы жоктук сыяктуу белгилер экөөнө тең мүнөздүү. Ошондуктан так диагноз коюу үчүн атайын ПЦР тесттери талап кылынат.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2009-жылы чочко тумоосунун глобалдык эпидемиясы болгон. Ошол кезде бир жылдын ичинде 60,8 миллионго жакын адам бул ооруну жуктуруп алган. Тилекке каршы, 12,400 бейтап инфекциядан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости