www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Борбордук банкы банктардагы эсептен чет элдик валютаны чыгарып алууга байланыштуу чектөөнү 2023-жылдын 9-мартына чейин узартты. Бул тууралуу мекеменин Телеграм-каналында кабарланды.
Чектөөлөр быйыл мартта Орусия Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин кирген. Башында чектөө бардык чет элдик валюталарга кирген, кийин доллар менен еврого гана сакталып калган.
Учурда жарандар банктык эсебинен 10 миң долларга, 10 миң еврого чейин гана акчаны чыгара алат. Калган сумма рубль менен гана берилет.
Мындан сырткары накталай валютаны жеке адамдарга сатууда да бир катар эрежелер кирген. Банктар 2022-жылдын 9-апрелинен кийин кассасына түшкөн евро менен долларды гана сатууга укуктуу болгон. Мындай чектөөлөр 9-сентябрга чейин деп каралган эле.
Борбордук банк чектөөлөрдүн мындан ары дагы алты айга узартышынын себебин Орусияга каршы салынган санкциялардын сакталып турушу менен түшүндүргөн. Анда орусиялык финансылык институттар батыш өлкөлөрүнөн накталай валюта алып келе албай жатканы белгиленген.
Булак: NazarNews.kg