www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда Facebook жана Instagramга байланыштуу соттун чечими чыкты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Москванын Тверской соту РИА Новостиге билдирген.
Маалыматка караганда, Москванын Тверской соту Орусиянын Башкы прокуратурасынын Facebook жана Instagram социалдык тармактарына экстремисттик ишмердүүлүк үчүн тыюу салуу талабын канааттандырган.
Ал эми "Instagram Орусиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу фейктерди өчүрүү боюнча 4500дөн ашык талаптарды жана санкцияланбаган митингдерди өткөрүү чакырыктарын четке какты", - деп билдирет агенттик.
Прокурорлордун айтымында, экстремисттик маалыматтар жеке адамдарга да, жалпы коомго да коркунуч туудурат. Башкы прокуратура компания орусиялык аскерлерди өлтүрүүгө чакырыктарга жол берүү менен өзүнүн эрежелерин бузуп жатканын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 14-март күнү Орусиянын аймагында Instagram социалдык тармагынын иштөөсүнө бөгөт коюлган.
Булак: NazarNews.kg