www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-апрелде Сыктывкар шаардык соту кыргызстандык жаранга өкүм чыгарып, аны 8 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 300 миң рубль айып пул да төлөөгө милдеттендирди.

Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-228.1-беренеси (уюшкан топ тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө электрондук жана маалыматтыктелекоммуникациялык тармактарды (интернет) пайдалануу менен баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга аракет кылуу) менен айыпталган.

«Айыпталуучу Н.К. 2024-жылдын 27-июлунан 23-сентябрга чейин аталган шаарда баңгизат сатуу менен алектенген топко мүчө болуп турган учурда унаанын тетигине катылып алып келинген, салмагы 2 кг 912 гр болгон баңгизтты кабыл алган. Ал баңгизатты баштыктарга бөлүштүрүп салып, Коми мамлекетине жибермек. Бирок 26-сентябрда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан колго түшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Последние новости