www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда миграция саясаты өзгөрүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин миграциялык саясаттын азыркы концепциясын оңдоо зарыл деп эсептейт. Анын айтымында, ал бардык «потенциалдуу кыйынчылыктарды» эске алышы керек. Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев миграциялык саясатты катаалдаштырган түзөтүүлөр 2022-жылдын аягына чейин кабыл алынарын билдирди.

Президенттин айтымында, азыр миграция тармагына таасирин тийгизген моралдык жана аймактык факторлор бар.

«Биз бул өзгөрүүлөргө өз убагында жана натыйжалуу жооп беришибиз керек», - дейт Владимир Путин.

Ал белгилегендей, мамлекеттик миграциялык саясаттын азыркы концепциясын оңдоо зарыл экендиги талашсыз.

«Ал бардык болгон жана мүмкүн болгон көйгөйлөрдү толугу менен эске алышы керек, мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү үчүн негиз болушу керек», - деди президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Ал 2020-жылдын март айында берген көрсөтмөсүн эстеди. Андан соң президент администрация менен өкмөткө 2025-жылга чейин миграциялык режимди жана жарандык институтту реформалоону тапшырды.

«Бүгүн мен эмнелер жасалгандыгы жана жакынкы келечекте кандай артыкчылыктарга басым жасоо керектиги тууралуу деталдуу отчетторду күтүп жатам», - дейт ал.

Николай Патрушев миграциялык саясатка киргизилген өзгөртүүлөр мигранттар жыш жайгашкан аймактарда тартипти сактоо боюнча кеңири чараларды, ошондой эле өлкөдө жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтөрүн билдирди. Патрушевдин айтымында, Коопсуздук кеңеши миграциялык каналдар аркылуу эл аралык террористтерди аныктоо милдетин койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости