www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Жогорку соту Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясын террордук уюм деп тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Башкы прокуратура Орусияга 2015-жылы арыз менен кайрылган. Уюм Тажикстандын өзүндө террордук жана экстремисттик деп таанылган; анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

“Ислам кайра жаралуу” партиясы Тажикстандын бийлиги бул чечимди өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланат жана анын негизинде көптөгөн бейкүнөө адамдар кармалып, абакка кесилет деп кооптонууда.

26-июлда Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Орусиядагы айрым уюмдарды террордук деп таануу маселеси каралып жатканын билдирген. Бирок сөз кайсы уюм тууралуу болуп жатканы айтылган эмес.

Тажикстандын өтүнүчүнө карабай, Орусия жети жылдан бери “Ислам кайра жаралуу” партиясы боюнча чечим кабыл ала элек болчу. Тажикстанда ишмердигине тыюу салынган диний партияны өлкөнүн Жогорку соту 2015-жылы террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген.

11-августта “Ислам кайра жаралуу” партиясы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылып, Орусиянын бул партияны террордук уюм деп табуусуна каршы турууну өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости