www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жарандык тик учак кырсыкка кабылган жерден каза болгон 22 кишинин баарынын сөөгү табылганын бүгүн 2-сентябрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 31-августта Камчатск крайында болгон. Ичинде 19 жүргүнчү (көбү туристтер) жана экипаждын үч мүчөсү бараткан Ми-8 тик учагы бийик дөбөлөрдүн бирин сүзүп, кулап түшкөн. Тик учак түшкөн жер 1-сентябрда аныкталган.

Учактын ээси «Витязь-Аэро» компаниясы, жетекчилердин айтымында, жайкын тургундарды жана туристтерди ташуу менен 15 жылдан бери алектенип келген. Ушул эле компаниянын дагы бир тик учагы Камчатка аймагында кыйрап, сегиз кишинин өмүрү кыйылган.

Последние новости