www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Екатеринбург шаарынын жанындагы токойдон 41 жаштагы кыргызстандык аялдын башы табылды. Бул тууралуу URA.RU билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-октябрында эртең менен Екатеринбургдун түштүк-батышындагы токойдо чуркап жүргөн жергиликтүү тургун 41 жаштагы аялдын башы жок денесин тапкан. Андан кийин окуя тууралуу укук коргоо органдарына кабарланган.
Тергөөчүлөр аялдын ким экенин аныктап, шектүүнү кармашкан. Маалыматка ылайык, киши өлтүргөн аялдын 21 жаштагы уулу болуп чыккан. Ал киши өлтүрүүнү мойнуна алган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, эне менен уулу 2023-жылы Кыргызстанга Екатеринбургга келишкен. Аял соода борборунда иштеген, ал эми жигит жумушсуз болгон.
Кылмышкер киши өлтүрүүнү ушул жылдын 20-октябрында токойдогу май куюучу жайдын жанында жасаган. Эне менен уулу мурда урушуп кетишкен.
«Тергөө учурунда жаш жигиттен апасын кантип өлтүргөнүн сурашканда, ал көп жолу мал сойгондугун жана бул процесске көнүп калганын айткан», - деп кошумчаланат маалыматта.
Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облустук башкармалыгы Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө баштады.
Эске салсак, буга чейин Мексикада полиция жолдун четинен алты кишинин кесилген баштарын тапкан.
Бунёд Келдибаев, Ташкен