www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Жогорку соту Роскомнадзор мекемеси жазган доо арыздын негизинде "Новая газета" сайтынын ЖМК лицензиясын чакыртып алды. Буга чейин аталган басылманын гезитинин жана "Но" аттуу журнал-тиркемесинин лицензиясы да жокко чыгарылган.
"Новая газета" Орусияда чет элдик агенттердин тизмесине кирген уюмдун аталышын жазууда маркировка койбогону үчүн эки жолу расмий эскертүү алгандан кийин Роскомнадзор басылманын лицензиясын чакыртып алууну талап кылган.
Редакция бул эскертүүлөр боюнча соттошууга аракет кылган, бирок алардын жазган доо арыздары бүгүнкү күнгө чейин карала элек.
1993-жылы негизделген "Новая газета" басылмасынын редакциясы иликтөө журналистикасы жана укук коргоо ишмердүүлүгү үчүн туруктуу түрдө орусиялык жана эл аралык сыйлыктарды алып келген. Басылманын башкы редактору Дмитрий Муратов пикир эркиндигин коргоо аракети үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган. Мартта редакция Орусиядагы аскердик цензура шартында өлкөдөгү окуяларды чагылдыруу мүмкүн эмес болуп калганын билдирип, ишин убактылуу токтоткон.
Бирок буга карабастан гезиттин сайты менен тиркемеси бөгөттөлгөн. Мындан тышкары Роскомнадзор басылманын мурдагы кызматкерлери Ригада негиздеген "Новая газета. Европанын" да сайтын бөгөттөгөн.
Булак: NazarNews.kg