www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин маалыматына ылайык, Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрон чабуулдарынан кийин Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү дээрлик токтоду.

Биримдиктин президенти Канатбек Эшатовдун айтымында, учурда дизель аз көлөмдө келсе, АИ-92, АИ-95 жана жогорку маркадагы бензиндер боюнча сунуш жок. Компаниялар Кытай, Азербайжан, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн күйүүчү май ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Өкмөт альтернативдүү жеткирүү жолдорун издеп жатканын билдирсе, өлкөдөгү айрым компанияларда эки жумага, айрымдарында бир айга жетчү күйүүчү май запасы калган. Тартыштыктан улам АИ-95 бензининин баасы 98 сомдон 109,9 сомго чейин жогорулады.

Последние новости