www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия АКШнын дагы 227 жаранына, анын арасында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллерге, бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Орус Тышкы иштер министрлигинин 14-марттагы маалыматына караганда, мындай чечим Орусияга карата киргизилген санкцияларга каршы чара катары кабыл алынды.

Тизмеге киргендер «АКШнын азыркы администрациясынын русофобиялык курсун аныктоого, ишке ашырууга жана актоого тиешеси бар, Орусияга каршы акцияларга түздөн-түз аралашкан» адамдар экени белгиленди.

Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган америкалыктардын тизмесинде аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, бизнесмендер, журналисттер, окумуштуулар, жалпысынан 2078 киши бар.

АКШ жана Евробиримдик орус бийлигине каршы экономикалык санкцияларын, персоналдык бөгөттөө чараларын Украинага кол салганы үчүн киргизишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости