www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Орусияга каршы салган санкциялардан 500 миллион еврого чукул каражат жоготту. Бул туурасында Бундестаг депутаты Маттиас Моосдорф айтканын РИА Новости жазды.

"Санкция Батышка гана тиешелүү болуп жатат. Орусиянын өзүндө "курчоодогу чеп" менталитети бекемделүүдө. Евробиримдиктин санкциялардан тарткан чыгымы, кыязы, 500 миллион евродон ашып кетти", — деген депутат.

Буга чейин Германиянын финансы министри Кристиан Линднер Берлин ЕБдин Киевге берип жаткан жардамынын 50 пайызын төлөөрүн айткан эле. Ал, мындан сырткары, орустарга каршы киргизилген санкциялар нефть менен газдын кымбатташына таасирин тийгизгендигин мойнуна алган.

Украинада атайын операция башталгандан тарта Батыштын мамлекеттери Москвага экономикалык басымын күчөткөн. РФ лидери Владимир Путин ал чектөөлөр дүйнө экономикасына олуттуу сокку урганын айткан. Анткен менен Орусия санкциялардын кесепети менен күрөшүп, кыйынчылыктан чыгып кетүүдө. Ал эми Батыштагылар чектөөлөр өздөрү үчүн майнапсыз болгонун бир нече ирет белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости