www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев режимин сындаган украиналыктарды кыйноого жана өлтүрүүгө шектүүлөр жазаланат, Украинаны денацификациялоо аягына чыгат. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусия өкүлчүлүгүнүн укуктук секциясынын башчысы Сергей Леонидченко БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынында айткандыгын РИА Новости жазды.
"XXI кылымда кыйноо борборлорунун болушу чындыгында эле акылга сыйбайт. Мариуполь аэропортунда Украинанын Коопсуздук кызматынын жашыруун кыйноо борбору бар экендиги боюнча фактылар менен берилген далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Ал Мариуполду улутчулдардын "Азов" батальону ээлегенден кийин 2014-жылы түзүлүп, бетпактык менен "китепкана" деп аталган", — деди Леонидченко.
Дипломаттын айтымында, бул конкреттүү борбор зордуктоо жана "китептерди" өлтүрүү үчүн колдонулган, тагыраагы, улутчулдар Киев режимине лоялдуу карабайт деп шектенген, ал жерде кармалып турган жай жарандарды ушинтип аташкан.
"Ишене бериңиздер, ушул жана башка кара өзгөй кылмыштарга күнөөлүү болгондор жоопкерчиликке тартылат. Эч ким жоопкерчиликтен кача албайт. Украинаны денацификациялоо аягына чыгат", — деген ал.
Орусия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.