www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2GIS картаграфикалык сервиси кайрадан Apple App Store тиркемелер дүкөнүндө пайда болду. Бул тууралуу ЖМКлар менен колдонуучулар билдирди.

Ушул тапта тиркемени 2GIS KZ аты менен көчүрүп алууга мүмкүн. Тиркемени иштеп чыгуучу катары DG-SOFT KZ көрсөтүлгөн. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул компания Казакстанда апрелде каттоодон өткөн.

2GIS сервисинин негизги ээси катары орусиялык Сбербанк көрсөтүлгөн. Ал 2020-жылы компаниянын 72 пайыз акциясын сатып алган. Украинада согуш башталгандан бери ири орус банкы санкцияга туш болгон, активдери тоңдурулган.

Сентябрда 2GIS тиркемеси App Store дүкөнүнөн өчүрүлгөн. Бирок мурда көчүрүлүп алган жабууларда тиркеме иштеп жатат. Тиркеме Google Play сервисинде да жеткиликсиз болуп калган.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости