www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары орусиялык мунайды Кытайга ташуу боюнча Астана менен Москванын ортосундагы келишимдин мөөнөтүн узартууну ратификациялашты. Бул тууралуу "Orda.kz" басылмасы жазып чыкты.

Белгиленгендей, мунай Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу агып өтөт. Тараптар алгачкы келишимге 2014-жылдын июль айында кол коюшкан, бирок азыр ал бүтүп баратат. Андыктан эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү келишимди дагы 10 жылга узартууда.

«Роснефть» бул 10 жылдын ичинде Кытайга 100 миллион тонна мунай жеткирүүнү пландаштырууда. Нефтинин сордуруунун тарифи тоннасына 15 долларды түзөт.

“2024-жылдан 2033-жылга чейинки мезгилде Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу КЭРге орус мунайынын транзитинен күтүлүп жаткан киреше 1 миллион 710 миллион АКШ долларын түзөт”, - дейт Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев.

Бирок расмийлер Орусия менен мындай келишимге жетишкени үчүн Казакстанга каршы эл аралык санкциялардан чочулашууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости