www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-сентябрда бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Алар "Крымды Орусиянын бир бөлүгү" деп жарыялаган ырчы Филипп Киркоровдун Кыргызстанга концерт коюшуна каршылыгын билдиришти. Акцияга жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, журналист Замир Өсөров жана "Борьба за мир" коомдук уюмунун жетекчиси Валерий Булашов катышты. Алар колдоруна "Агессордун ырчысына жол жабык", "Биз тынчтык үчүн" деген плакаттарды кармап турушту.
"Биз согушка каршыбыз. Биз агрессордун ырчыларынын Кыргызстанга келишине каршыбыз", - деди жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.
Орусия быйыл 24-февралда Украинага согуш ачкан. Кремль ал жүрүшүн "атайын операция" деп атаганы менен дүйнөлүк коомчулук аны согуш катары сыпаттап, Владимир Путин жетектеген Орусияны агрессор өлкө катары сынга алууда.
Булак: NazarNews.kg