www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Донецк жана Луганск элдик республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) көз карандысыздыгын таануу чечими жана президенттин Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү тарабынан республикаларда тынчтык сактоону камсыздоо боюнча тапшырмасы Донбасстын калкынын өмүрүн сактап калууга багытталган. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя дүйнөлүк уюмдун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында билдирди.

Батыштык кесиптештерине кайрылып, Небензя алардын көбүнүн сөзүндө «Донбасстын төрт миллиондон ашык тургундарына орун берилбегенине» көңүл бурду. «Силер 2014-жылдан бери сүйлөгөн сөздөрүңүздөн алардын тагдырын өчүрүп жаткан окшойсуз, адатта аларды орусиячыл жикчилдер деп басынтасыңар», - деди Небензя. «Ошол эле учурда алардын бир гана күнөөсү 2014-жылы Майдандагы мыйзамсыз төңкөрүштөн кийин жаңы бийлик менен алардын укуктары кандай сактааларын талкуулагысы келген», - деп улантты ал.

Орусия Федерациясынын туруктуу өкүлү белгилегендей, соңку күндөрү Украина армиясынын Донбасстагы кармашуу линиясындагы аскердик активдүүлүгүнүн курчушу фонунда жүздөгөн адам 2014чү жана 2015-жылдардагыдай реалдуу коркунуч алдында турган. «Биздин чечимдин негизги максаты - өмүрлөрдү сактап калуу жана аларды коргоо болгон. Бул силердин бардык коркутууларыңардан маанилүү», - деп жыйынтыктады Небензя.

Эске салсак, Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдирген. Ал республикалардын башчылары Орусиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин - Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берээрин айткан.

Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жарандарды жалпы мобилизациялоо туурасындагы жарлыкка, ошондой эле, достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.

Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости