www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык компаниялардын 2020-2021-жылдардагы кирешелерин изилдөөнүн жыйынтыгында "Газпром" өлкөнүн эң кирешелүү компаниясы деп табылган. 2021-жылы "Газпромдун" таза кирешеси 2,2 триллион рублди түзгөн. Бул тууралуу "Forbes" журналы жазып чыкты.
Киреше боюнча экинчи эң мыкты жыйынтык "Сбербанкка" таандык экени белгилүү болду. Орусиянын алдыңкы банкы 2021-жылы 1 245,9 миллиард рубль таза киреше алган. Алдыңкы үчтүктү “Роснефть” толуктады. Компания 2021-жылды 1012 миллиард рубль киреше менен аяктады.
"Лукойл" 775,5 миллиард рубль киреше менен төртүнчү орунду ээлесе, "Сургутнефтегаз" 553,2 миллиард рубль киреше менен Орусиянын эң кирешелүү компаниялардын ичинен 5-орунга чыкты.
Кошумчалай кетсек, эң кирешелүү орусиялык компаниялардын тизмесине Norilsk Nickel (512,9 миллиард рубль), Novatek (451,6 миллиард рубль), NLMK (371,7 миллиард рубль), Yamal SPG (354,7 миллиард рубль), ВТБ (327,4 миллиард рубль) кирет. көргөн.
Булак: NazarNews.kg