www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын экономикасынын өсүү темпи Европа өлкөлөрүнөн алты эсе жогору. Бул көрсөткүч акыркы эки жыл ичинде туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думада өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Орусиянын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 4,1% өсүп, биринчи жолу 200 трлн рублден ашты. Негизги кошумча нарк төмөнкү тармактарда байкалган: маалымат жана байланыш (+11,9%), мейманканалар жана ресторандар (+9,6%), дүң жана чекене соода (+6,9%), кайра иштетүү өнөр жайы (+7,6%).

«Биздин экономикабыз экинчи жыл катары менен дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору темп менен өнүгүүдө. Дал ушундай максатты президент койгон. Орусия сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча дүйнөдөгү эң ири төрт экономиканын катарына кирет», – деди Михаил Мишустин.

Премьер-министр кошумчалагандай, «мурда болуп көрбөгөндөй санкциялар» шартында Орусия экономикасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн «өз алдынча өнүгө алган өнөр жай» керек.

Ошондой эле ал экономиканын өсүү темпин макроэкономикалык туруктуулукту бузбай жана элдин жашоо сапатын төмөндөтпөй сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Михаил Мишустиндин айтымында, акыркы жыл ичинде Орусиянын достук мамиледеги өлкөлөргө экспорту 8,5% өскөн. Азия, Африка жана Америкага экспорт көбөйгөнү, ал эми Европага жеткирүү азайганы белгиленди.

Последние новости