www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлиги Украинанын Орусиянын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарынын картасын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

"Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын түштүк багытында Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн аймактарынын так картасын көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Картадан украин аскерлери мындан ары Волноваха конушун көзөмөлдөбөй турганын көрүүгө болот. Орусиянын куралдуу күчтөрү Новодонецкое - Новомайское - Егоровка конуштарынын линиясына жетти.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал-майор Игорь Конашенковдун жума күнү журналисттерге билдиргенине караганда, Орусиянын Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери Украинанын 3300дөн ашык аскерий объектилерин жок кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости