www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт.

15-марттагы шайлоо маалында урналарга жашыл боёк чачып жиберген кеминде 10 чакты учур катталганы маалымдалды. Айрым добушканаларды өрттөө аракети да болду.

16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды.

Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча 16-март, таңкы саат 8:00гө карата шайлоого 36,2% шайлоочу келгенин маалымдады.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бул чечимди кийин өлкөнүн Жогорку соту да кубаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости