www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурдагы Украинадагы кырдаалга байланыштуу орусиялык S7 Airlines авиакомпаниясы 30-апрелге чейин Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан, Армения жана Азербайжанга каттамдарын токтотту. Бул тууралуу аталган компаниянын сайты жазып чыкты.

Төмөнкү каттамдар токтотулду:

  • Новосибирск - Ош - Новосибирск, S7 5545 / S7 5546;
  • Владивосток - Ош - Владивосток, S7 6251 / S7 6252;
  • Москва - Ош - Москва, S7 3259 / S7 3260 жана S7 3261 / S7 3262;
  • Волгоград - Ош - Волгоград, S7 6419 / S7 6420;
  • Красноярск - Ош - Красноярск, S7 6407 / S7 6408;
  • Нижний Новгород - Ош - Нижний Новгород, S7 6457 / S7 6458;
  • Новосибирск - Бишкек - ​​Новосибирск, S7 5541 / S7 5542;
  • Иркутск - Бишкек - ​​Иркутск, S7 6347 / S7 6348;
  • Москва - Ысык-Көл - Москва, S7 3257 / S7 3258;
  • Новосибирск - Ысык-Көл - Новосибирск, S7 5549 / S7 5550.

Маалым болгондой, токтотулган эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү билеттин баасын толугу менен кайтарып бере алышат же билеттерди башка даталардагы жеткиликтүү каттамдарга алмаштыра алышат.

"Эгер сиздин билетиңиз биздин сайттан же тиркемеде сатылып алынган болсо жана сизге рейс токтотулгандыгы тууралуу SMS келип түшкөн болсо, "Менин ээлөөлөрүм" бөлүмүндө билетти өзүңүз кайтарып, алмаштыра аласыз. Эгер билет кассадан же башка сайттардан сатылып алынган болсо, акчаны кайтарып алуу үчүн билетти сатып алган жердеги агентке кайрылышыңыз керек",- деп кабарлады авиакомпания.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинан ортосундагы кагылышуудан дүйнөдө бир топ кыйынчылыктар жаралып, Батыш өлкөсүнүн Орусияга салган санкциялары карапайым калкка да таасирин тийгизүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости